"Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык чогулуш"

Дата публикации: Jan 27, 2017 9:10:54 AM

26.01.2017.Кочкор районун Кочкор айылынын К.Кадыралиев атындагы орто мектебини окуучуларынын арасында мушташтын кесепетинен келип чыккан оор окуя боюнча А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде ата-энелердин жана окуучулардын катышуусунда чогулуш өтүлдү. Чогулушту мектептин соц.педагогу

Намазбаева Назгүл Жолчуевна ачып, чогулуштун катышуучуларына "Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы" жөнүндө слайдка токтолду.

Нарын облусундагы окуяны толугу менен окуп берди да, Ош облусундагы окуучулар урушун кошумчалап кетти.

Аталар кеңешинин төрагасы Акунов Мурадилге сөз берилди.

Жаштар уюмунун мүчөсү Акматалиев Русланга сөз берилди.

9 класынын атасы Эркинбеков Саканга жана Мамбетов Калыска берилди. Ата-энелер окуучуларга акыл-насаатарын айтышты.

11,10-9-класстын окуучулары да өз ойлорун айтышып,уруштан алыс болушаарын убада кылышты.